Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Учурда жергиликтүү бийлик “жүйөлүү себептери” барларга 17 жаштан үй-бүлө курууга уруксат бере алат. Эмгек министрлиги мына ошол норманы алып салууну сунуштоодо.
Мындан тышкары, мамлекеттик каттоодон өтпөгөндөргө (нике күбөлүгү жокторго) нике кыйгандарга 10 миң сом айып салуу каралып жатат.
Ошондой эле жубайлардын бири үч жылдан ашык мөөнөткө соттолсо, никени бузуу шартын жокко чыгаруу сунушталды. Бул норма конституциялык эмес деп табылган.
Булак: koom.press