Печать
Категория: Коом
Просмотров: 625

Бүгүн, 2-январь күнү Ош шаарындагы Раззаков көчөсүнүн №20 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 12:15де 1 бөлүм тартылган.

Өрт өчүрүүчү куткаруучулар тарабынан 15 жаран коопсуз жайга чыгарылып, тилсиз жоо саат 12:41де толугу менен өчүрүлдү.

Өрттөн жабыркагандар жок.

Булак: Кабар