Чүй облусунун Кемин районунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик каражаттарды уурдоого шектелип айыл өкмөттүн кызмат адамдары жана компаниянын жетекчиси кармалды.
Кемин райондук прокуратурасынын маалыматына караганда, буга чейин Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы спорт комплексти курууда 6 млн 230 миң 500 сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражат курулуш компанияга негизсиз которулганы боюнча кылмыш иши козголгон.
Кемин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.А. (буга чейин Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген), техникалык көзмөл боюнча адис А.А. жана «А» ЖЧКнын жетекчиси Н.К.К. кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Учурда кылмыш иштин алкагында ыкчам тергөө амалдары, аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Буга чейин Кемин районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы спорт комплексти курууда аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, өздөрүнө же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү же артыкчылык алуу максатында иш жүзүндө аткарылбаган курулуш-монтаждоо иштери үчүн 6 млн 230 миң 500 сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды «АА» ЖЧКнын эсебине негизсиз которушкандыгы аныкталган.
Натыйжада мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмүндөгү зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кемин районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 245- беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматка караганда, Кызыл-Октябрь айылындагы спорт комплексин куруу үчүн 2022-жылдын 14-июнунда тендер жарыяланган. Тендердин пландалган суммасы 25 млн 378 миң 74 сомду түзгөн.
Тендерге 2 компания катышкан:
- «Гигант-Строй Компани» ЖЧКсы;
- «АКААНА» ЖЧКсы. Тендерде 24 млн 90 миң 635 сом сунуштаган «АКААНА» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Гигант-Строй Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Арстанакун уулу Абдыганы. Компания 2016-жылы 8-августта Ош шаарында каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.
«АКААНА» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Кубанычев Нурлан Кубанычевич. Компания 2017-жылы 6-октябрда каттоодон, 2023-жылдын 1-февралында кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.
Булак: Turmush