ИИМ "Убактылуу кармоочу жайда зордукталдым" деген блогер боюнча маалымат берди
Жолболдуева аттуу жаран өзүнүн Фейсбук социалдык баракчасында түз эфирде кайрылуу жасап, Баткен РИИБнүн убактылуу кармоо жайында камакта олтурган убакытта зордук көргөнүн айтып чыккан. Кайрылуу учурунда көзүнө жаш алып, элдин назарын буруу аракетин жасады.
Иштин чоо жайы боюнча толук маалымат берсек, 2022-жылдын 25-мартында “Акипресс” маалымат агенттигинин журналисти Баткен шаарынын тургуну Арзыгул Галымбетова арыз менен кайрылган. Арызында “Батма-бат” ютуб каналында иштеген Батма Жолболдуева аттуу блогер менин аброюна шек келтирип, жаман уят сөздөр менен каралап жатканын, ошондой эле “түбүңө жетем” деген сөздөрдү айтып коркутканын билдирип чара көрүүнү суранган.
Арыз жазган Арзыгул Галымбетова блогер аял менен чыр-чатактан соң, ден соолугу солгундап кечки саат 20:00дөр чамасында ооруканага жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай абалы начарлап, ошол эле түнү каза болуп калган. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин натыйжасында Батма Жолболдуева шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө Батма Жолболдуевага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренесинде (Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу), 280-беренесинде (Бейбаштык) жана 379-беренесинде (документтердин жасалмасын жасоо) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери менен айыбы угузулуп, Баткен райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы камака алуу түрү тандалган.
Тергөө иштери аяктап Батма Жолболдуевага карата болгон кылмыш иши соттук кароого жиберилген.
2023-жылдын 22-майында Баткен облустук сотунун өкүмү менен күнөөлүү деп таап, 50 000 (элүү миң) сом айыпка кириптер болуп, 1 (бир) жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.
Андан сырткары Батма Жолболдуева 2024-жылдын 6-февралында Жалал-Абад шаарындагы “Хурма” кафесинде Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиялогиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгерин шантаж кылуу жолу менен 25 000 (жыйырма беш миң) сом алып жаткан жеринен кармалган.
Бул окуя боюнча Батма Жолболдуеванын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынты менен соттук кароого жөнөтүлгөн. 2024-жылдын 28-июнунда Жалал-Абад шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен күнөөлүү деп табылып, 30 000 (отуз миң) сом мамлекеттин пайдасына айып салынган. Учурда Батма Жолболдуева фейсбук баракчасы аркылуу айткан, 2022-жылы Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында шектүүлөр тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө билдирүүнү, тергөө убагында жана соттук териштирүүлөрдө эч кимге айткан эмес жана көрсөтмө берген эмес. Батма Жолболдуева өзүнүн Фейсбук баракчасында милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБде кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө",-деп ИИМ маалымат таратты.
Белгилей кетсек, блогер Батмакан Жолболдуева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кечээ, 25-декабрда түз эфирде 2022-жылы Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалган учурда зордук-зомбулук көргөнүн айтып чыкты. Ал абакта отурганда түрдүү кысымга кабылганын, жакындары алып келген тамак-ашты, кийим-кечени алып коюшканын айткан.
"Бул жайдын жетекчиси Эркин аттуу адам камераны тинтүү кылдырып, наша таптырарын айтып басым кылды. Душка түшчү күн деп мени мончого алып киришти да, артыман Н.С. аттуу камакта отурган жаранды киргизип зордуктатты. Колунда учтуу бир нерсе бар болгондуктан өлтүрүп салат деп коркуп, каршылык көрсөтө албадым. Мен муну ажыдан келген Куран китепти кармап да айта алам. Мен күнөөсүз камалып, түрмөнүн ичинен түрмөгө салындым”, - деген Жолболдуева.