Бишкектин Биринчи май райондук соту Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаеваны актаган өкүм чыгарды.

Райондук соттун маалымат кызматы билдиргендей, 23-декабрда Биринчи май райондук соту Шерипбаеванын кыймыл-аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде актаган.

Адвокат Жаныш Бараков маалыматты ырастап, сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу Шерипбаевага 200 миң сом айып салууну сунуштаганын, судья аны канааттандырбаганын билдирди.

Булак: Азаттык