Сулайман Кайыповдун постун өзгөртүүсүз жарыялайбыз:
- "Манас" 1000 эле жылдык эпос эмес, ал - миңдеген жылдарды камтыган эпос. Анын түпкү тамыры эң байыркы убактарга барып такалат. Ооба, убагында "Манастын" миң жылдыгы деп аталган эл аралык шоу өткөрүлгөн. Ал шоу Аскар Акаев деген шоуменге керек болучу. "Кой, андай болбойт" деген окумуштууларды уккан эмес. "Миң" деген дата эмес, "көп" деген түшүнуктүн символу, өткөрө берели деп жатып өткөргөн. Ошондо "Койгула, 1000 жыл деп өткөрсөк, ошол 1000 жыл расмий датага айланып калышы мүмкүн. Эртең, 50 жылдан кийин бирөө чыгып, "Манастын" 1050 жылдыгын өткөрөм десе кантебиз, болбойт" деген сөзгө чоңдор кулак салган эмес. Акыры окумуштуулар да көнүп берген - Президент өзү демилгелеп жатса... Себеби, ар биринин өз кызыкчылыктары да болгон. Мынакей, 50 жыл күттүрбөй эле, "Манастын" 1030 жылдыгын өткөрөм дегендер чыгып жатыптыр, угушумда. Бул шоу кимге керек болуп жатты экен. Мамлекет башчысына жана бийликтин башка бутактарына мындай шоунун кереги жок деп ойлойм. Анда кимдер, кайсы шумпай бул керексиз шоуну кайталайын деп жатты экен.?
Кайсы "манасовед" дагы бир жолу шылтоо менен сыйлык, наам, даражаларды алып калайын, бюджеттин акчасын чачайын деп жатат? Деги оңбойбуз го. Көөнө катмарлары 5-10 миң жыл мурдагы учурларга барып такалган "Манасыбызды" 1030 жашта деп "жашартып" салганыбыз кайсы кудайга жаксын!
"Манастын" жашы 1000 эле жыл менен өлчөнбөйт. 1000 жыл деген - тарых үчүн көз ирмем. Деги качан адамча ойлонобуз, билбей койдум. Же...
Андан көрө, ошого чачылгын каражаттарды "Манасты" изилдөөнүн жаңы багыттарына жумшабайлыбы, Жарандар!