Печать
Категория: Коом
Просмотров: 831

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жашыруун кат жөнөткөн кылмышкер тууралуу айтып берди. 

Эске салсак, ушул жылдын 20-ноябрында Камчыбек Ташиев почта аркылуу, флешкага жазылган кат алганы маалым болгон. Катта ага кол салуу пландалганы тууралуу жазылган. Каттын ээси УКМК тарабынан 27-ноябрда кармалган. 

"Кармалган адамдын күнөөсү кылмыш ишинин бардык материалдары менен тастыкталган. Видеоматериалдар да бар. Ал катты уулунун компьютеринен жазган жана мени коркутуу үчүн ушуну кылганын моюнуна алды", - деди Ташиев. 

Айтымында, ал адам Чыныбай Турсунбековдун жубайы менен беш жолу жолугушкан. Ага дагы далилдер бар, бирок азырынча бул Нуржан Тентимишеванын заказыбы же анын тиешеси жокпу - аныктала элек.