Печать
Категория: Коом
Просмотров: 907

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүнкү маалымат жыйынында ага пара берүүгө аракеттенгендер тууралуу айтып берди. 

"Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбековдун аялы мага ортодогу адамдар аркылуу ири суммадагы пара берүүгө аракеттенди.

Ал алдамчылар менен байланышып, 5 миллион доллар пара даярдаптыр. Бирок УКМКнын кызматкерлери өз убагында бул аракетти токтото алды. Ал мени пара алат деп ойлосо керек, бирок андай болбойт", - деди Ташиев. 

Эске салсак, 2020-жылы каза болгон Чыныбай Турсунбеков 2010-жылы "Акылинвестбанкты" рейдерлик жол менен алып, Капитал Банк деп өзгөрткөн. Аталган банк мурдагы спикердин жубайы Нуржан Тентимишовдун наамына катталган. Мындан улам УКМК рейдерчилик боюнча текшерүү иштерин жүргүзгөн.