УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында эки жылдан кийин боло турчу президенттик шайлоодо талапкерлигин койбой турганын айтты.
"Садыр Жапаров мамлекет башчылыгына кайра шайланууга толук укуктуу. Мен Садыр Нургожоевичти колдойм. Кимди президент кылмак элек: Равшан Жээнбековдубу же Бекназаровдубу? Же Алмазбек Атамбаевди кайра алып келелиби? Биз анын баарын көрдүк. Жакшылыктан жакшылык издебейт. Садыр Жапаров президенттик постко талапкерлигин коюуга толук укугу бар. Мен анын талапкерлигин толук колдойм", - деди Камчыбек Ташиев.