Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кийим тигүү тез өнүгүп жаткан тармактардын бири. Буга чет мамлекеттердин кийим-кече буюмдарына суроо-талаптын жогору болушу себеп. Улуу кызым Кыргызстанда орус тили боюнча 1-орунду алып, 2023-жылы Москвага чакыруу алды. Ал жактан өзүнө, бизге, балдарына кийим-кече алыптыр. Мейманканага баргандан кийин гана биркаларын караса, баары Кыргызстанда өндүрүлгөн кийимдер экен. А дүкөндө ага бул кийимдер Кореядан келген деп айтышыптыр.
Дагы бир мисал. Коңшу мамлекеттерде – Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда өткөн семинарларга, конференцияларга катышканымда окумуштуулар Кыргызстанда тигилген кийимдерди жактырып кийишерин, анткени бизге тигилген кийимдер сапаттуу жана ыңгайлуу болоорун айтышты.
Биздин кийимдерге тышкы суроо-талаптын чоң экенин эске алып, биздин өндүрүүчүлөр өндүрүштү кеңейтүүгө аргасыз болууда. Натыйжада жумушчу күчү жетишсиз. Мындан улам КР Социалдык өнүктүрүү министрлиги сырттан: Өзбекстандан, Пакистандан, Бангладештен жумушчу күчүн тартууга квотаны көбөйтүү боюнча документ даярдалып жатканын билдирди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн негизги көйгөйлөрүнүн бири – балдарды мектепке даярдоо, өзгөчө кымбат баалуу мектеп формасын сатып алуу. Баалардын, анын ичинде мектеп формаларына болгон баалардын жыл сайын кымбатташы рынок экономикасы — капитализм шартында табигый нерсе. Эгерде Советтер Союзу учурун эстесек, биздин муундун мектеп кийимдерин: форма, сумкалар, сыя чөйчөктөр үчүн баштыктарды кездеменин калдыктарынан эле апалар өздөрү колго тиккен.
Аны азыр деле улантып, ар бир айылда балдарга мектеп формасын өздөрү тигүү боюнча бардык айыл өкмөттөрүнүн алдына милдет коюу зарыл. Ушундай жол менен биз мектеп формасынын баасын арзандатып, аларды жеткиликтүү кыла алабыз. Ошондой эле айыл чарба кызматкерлерине, ички рынокко, турмуш-тиричиликке керектүү кийимдерди тигүүгө болот, ал эми биздин жогорку адистештирилген тигүүчүлөр кийимдердин татаал түрлөрүн, экспортко чыгарууга спорттук кийимдерди жана башкалар тигишсин.
Бардык айыл өкмөттөрүнө биринчи кезекте үйдө отурган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү аялдарды тигүүчү машина менен камсыз кылуу тапшырмасы берилсе туура болмок. Анан аларды мектеп формасын жана башка күнүмдүк кийимдерди тигүү, анын ичинде татаал технологияларды талап кылбаган үй кийимдерин тигүү боюнча үйрөтүү курстарын ачуу кажет.
Ушундай кылуу менен биз “дароо беш коенду өлтүрөбүз”. Биринчи, айылдык айымдар жумуш менен камсыз болот, экинчи, окуучуларды арзан кийимдер менен камсыздайбыз, үчүнчү, жакырчылык деңгээлин азайтабыз, төртүнчү, тигүү тармагынын жүгүн жеңилдетүү менен биз тигүүчүлөрүбүзгө экспорт үчүн бир топ кымбат кийимдерди тигүү мүмкүнчүлүгүн беребиз, а бешинчи, капиталдын агымы ылдыйлайт (эмгек мигранттарынын эмгек акысы).
Рахманбек Тойчуев, КР Саламаттык сактоонун эмгек сиңирген кызматкери