Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетти. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жеке булактарына таянып жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Жапаров өз арызы менен кеткен.
Азырынча анын ордуна ким келери белгисиз.
Эске салсак, Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетин 2021-жылдан тартып башкарып келаткан.