Печать
Категория: Коом
Просмотров: 571

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, камсыздандыруу  маанилүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү  боюнча айтып беришти.  

Бул жолугушууга Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалынын директорунун орун басары Алима Нурланова жана камсыздандыруу боюнча башкы адиси келишти. Катышуучуларга милдеттүү автоунаа жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу өрт, жаратылыш кырсыктарынан турак жайларды камсыздандыруу боюнча негизги маселелерди камтыган презентация көрсөтүлүп, милиция кызматкерлеринин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.  

Ошондой эле кызматкерлерге ордунан камсыздандыруу полистерин алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, өз унааларын ОСАГО боюнча жана үйлөрүн мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандырууга шарт түзүлдү.