Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Россияда кыргызстандык мигранттар өтө көп санда экенин белгилеп, алар Россия аймагына кирүүдө кыйынчылыкка туш келип жатканын айтты.
"Абамайдандарда кыргызстандыктарды сааттап суракка алышат экен, ал турмак телефондорун да текшерип жатышыптыр, кайра артты көздөй жөнөтүп, өлкөдөн чыгарып жиберген учурлар да бар", - деди Жанар Акаев.
Депутат Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды:
"Сиз Россияга жумушчу сапар менен барууга камданып жатасыз. Орус бийлиги менен сүйлөшүүдө бул маселени кабыргасынан коюп, чечүүгө аракеттениңиз", - деди.
Ошондой эле, ал Кыргызстанга бир жылда мигранттардан 3 миллиард доллар которулаарын эске салды.