Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Ташиев коррупция менен жалгыз өзү күрөшө албай турганын билдирди.
"Коррупция менен күрөштө коомчулук, депутаттар, эл жардам бериши керек. Эгер биз аракетибизди уланта берсек, баары ордуна келет. Бандиттер болбойт дедикпи, алар менен көбү иштешчү, эми кайда алар? Жок жана эми болбойт. Коррупция менен да ушундай болот. 2025-2026-жылдарга коррупция минималдаштырылат. Түп тамырынан жок кыла алсак, андан да сонун болот", - деди Ташиев коррупция менен күрөштү катаалдантуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өтсө жана ага президент кол койсо, келерки жылдын 1-январынан тартып коррупционерлер жазаланаарын билдирди.