Печать
Категория: Коом
Просмотров: 254

Депутат Сеидбек Атамбаев Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жакында камакка алынган Ирина Карамушкина менен Темирлан Султанбековдун абактагы шарты начар экенин айтып кайрылды. 

"Мунун баары калп. ЖАМК өкүлү менен азыр чогуу барып, алардын кандай шартта кармалып жатканын, башкаларга түзүлгөн шарттан кандай айырмасы бардыгын көрүп келиңиз. Анан бирөө бирдеме деп койсо эле аны трибунадан айта бербеңиз. Султанбеков, Карамушкина бизге душман эмес. Бир дагы жаран бизге душман эмес. Баары мыйзам алдында жооп бериши керек", - деди Ташиев.