Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев жыйынга катышып жаткан журналисттерге кайрылды. Ага журналисттердин жыйын маалында ар кайсы депутатты чакырып, маек алып жатканы жакпады.
"Эң маанилүү финансылык маселени карап жатсак, журналисттер ар кайсы депутатты чакырып алып, пикирин сурап жатат. Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, төмөндөп кетти деп көптөгөн эл аралык уюмдар бизге баа берип жатышат. Ал туура эмес. Мына, азыр депутаттарды каалагандай чакырып алып суроолорун берип жатышат. Парламентаризмдин бешиги деген Улуу Британияда дагы журналисттер отурган жер менен депутаттар отурган жерди айнек менен тосуп койгон. Чыкканда да башка-башка жолдор менен чыгышат, контакт жок", - деген Шакиев сөз эркиндигине карата сын айтылганда журналисттер пикирин айтып коюшу керектигин белгиледи.