Печать
Категория: Коом
Просмотров: 273

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын курулуш иштери менен таанышууга барды. Анда ал өз сөзүндө мамлекеттик кызматта туруп коррупцияга баргандарга аео болбостугун дагы бир жолу белгиледи. 

"Кыргызстанда мамкызматтагылар коррупциясыз жашай албай калышкан. Ошондуктан катаал чараларды көрөбүз, алар түрмөдө отура тургандай болушат. 32 жылдан бери коррупция тамырын жайыптыр, дагы деле бар. Аны менен күрөш катаал болот", - деди Ташиев.