Печать
Категория: Коом
Просмотров: 314

Биринчи май районунун аймагында дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, айыл чарба жарманкеси Түгөлбай-Ата көчөсүндө Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөсүнүн ортосунда өтөт.

Жарманкенин максаты - ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо.

Өз кезегинде шаар тургундары айыл чарба продукцияларын дүң жана чекене баада сатып ала алышат.