Кыргызстандын аймагында 8-9-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар түрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
8-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10...-15°, күндүз 4...-9°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6...-11°, күндүз -1...-6°,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12...-17°, күндүз -2...-7°,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18...-23°, күндүз -6...-11,
Тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13...-18°, күндүз -5...-10°,
Тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27° градус суук, күндүз -13...-18°,
Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30...-35°, күндүз -14...-19.
Мындай туруксуз аба ырайы авто унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.