Аскер жетекчиси, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев "Кыргызстан үчүн глобалдуу делген маселе чечилгенин" белгиледи.
"Эки элдин ортосундагы чоң көйгөйлөр чечилди деп айтсак болот. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери чечилбей келген. Аймактык бүтүндүккө чоң коркунуч жаратып жаткан маселеге чекит коюлду", - деди ал.