Печать
Категория: Коом
Просмотров: 262

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин кармалышы тууралуу айтты. 

Ал белгилегендей, жакында салыкчылар кармалган, ал эми кечээ түнү бажычылар кармалды. Бир түндө 7-8 бажычы кармалган. 

"Буга чейин Кара-Суу районунда Раим Матраимовдун өзүнүн бажы терминалы болгон, кийинчерээк ал мамлекеттин балансына өткөрүлгөн. Так ошол жерде бажычылар коррупциялык топторду түзгөн, аны биз кечээ жок кылдык", - деди Камчыбек Ташиев.