Печать
Категория: Коом
Просмотров: 262

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында кармалган салык кызматкерлери тууралуу айтты. 

Айтымында, айрымдар андан салык төлөмдөрү боюнча планды аткарууга үлгүрүү үчүн салык кызматкерлерин бошотууну суранган. 

"Мындай болбойт. Мен жок деп айттым. Алар акциздик товарды, мисалы, аракты алып кампадан ЭТТК жазып берип чыгарышкан. Андан соң "Сосновка" постуна барып, бул товар өттү деген печать алышкан, бирок андан соң салыкчылар бул товар алар аркылуу кайра кампага кайтарылгандай түр көрсөтүп коюшкан. Бирок факт жүзүндө товар кампага кайтарылган эмес, башка аймактарга жөнөтүлүп, ал жакта сатылган. Бирок аны менен катар салык төлөнбөгөн, анткени салыкчылардын документтери боюнча ал товар дагы деле кампада жаткандай түр жасалган", - деди ал. 

Айтымында, мамлекетке зыян 3,2 миллиард сом болгон. Камчыбек Ташиев элден салык төлөөнү талап кылып, ошол эле убакта салыкчылар коррупциялык схемаларды түзүп жатышканын белгиледи. 

"Балким алар жетекчилери менен да бөлүшүшкөн. Биз муну аныктайбыз", - деди.