Печать
Категория: Коом
Просмотров: 174

Түшүнгөн адамга бул - чоң жеңиш. Чек ара маселеси оңой-олтоң чечилчү маселе эмес.

Андай маселе болгондо, эбак эле чечилмек.

Президентибиз Садыр Жапаровдун саясий эрки, ошондой эле элдик генерал Камчыбек Ташиевдин "Чыканактап тынч албай, чырым этип уйку албай" күнү-түнү жүргөн талыкпаган аракети менен ишке ашты.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты.

2024-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмаларды беришти, деп жазды журналист Бакай Абдымалик соцтармактагы баракчасына.