Америка Кошмо Штаттары 36-Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүн белгилөөдө Кыргыз Республикасына, анын өнөктөштөрүнө жана бүткүл дүйнө элине кошулганы менен сыймыктанат. Бүгүнкү күн ВИЧ коомчулугунун күч-кубатына, туруктуулугуна жана көп түрдүүлүгүнө таазим кылуу жана ВИЧ/СПИДден каза тапкан адамдардын элесин урматтоо мүмкүнчүлүгү.
АКШ өкмөтүнүн 2024-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнүн темасы “Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү 36: Жамааттык иш-аракет: ВИЧке каршы күрөш жетишкендиктерин колдоо жана тездетүү”. АКШ ВИЧ/СПИДди алдын алуу, дарылоо жана андан коргоо боюнча жогорку сапаттагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн АКШ Президентинин СПИДге каршы жардам берүү боюнча өзгөчө планы (PEPFAR) аркылуу жыйырма жылдан бери Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктө болуп келет.
Калган системалык тоскоолдуктарды жоюу үчүн АКШ өкмөтү Кыргыз Республикасы менен ВИЧ/СПИДге каршы аракеттенүүдө теңчиликти жана туруктуулукту түзүү үчүн ВИЧ/СПИДге каршы аракеттенүү боюнча инновациялык ыкмаларды колдонууну улантууда, бул адамдарга каалаган жерде жана каалаган убакта ВИЧке тест жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, АКШ ВИЧ-илдетин жугузуп алуу коркунучун бир топ төмөндөтүүчү алдын ала профилактикага (PrEP) жеткиликтүүлүктү жакшыртууну колдойт.
Адам укуктарын туу тутуп, дүйнө 2030-жылга чейин ВИЧти коомдук ден соолукка коркунуч катары жок кыла алат. ВИЧке каршы күрөшүүдө жетишилген өнүгүү адам укуктарын коргоону алга жылдыруу менен түздөн-түз байланыштуу. СПИДди токтотуу үчүн ВИЧ менен жашаган, жуктуруп алуу коркунучу бар, же ВИЧтен жабыркаган ар бир адамга, анын ичинде өзгөчө изоляцияланган жана жабырлануусу мүмкүн болгон адамдарга кайрылуу зарыл.
АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги