Печать
Категория: Коом
Просмотров: 179

Жогорку Кеңештин депутаты Миргул Темирбаева Баткен облусунун Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында Андархам, Бешкент, Катраң, Өзгөрүш, Баул, Андарак, Сумбула, Сары-Дөбө, Көк-Таш, Тогуз-Булак, Кара-Булак, Миң-Жыгач, Айбике, Ай-Көл, К.Сабыров айылдарына барып, Корей кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен социалдык жактан аярлуу 344 үй бүлөгө акысыз көмүр таратты.

Мындан тышкары депутат эл менен жолугушуу өткөрүп, парламентте алып барып жаткан ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

"Силер мага ишенип берген мандатыңар менен депутат болуп отурам. Андыктан, Лейлек жергесин ар тараптуу өнүктүрүү үчүн колдон келген бардык күч-аракетимди жумшап жатам", – деди депутат.

Эл өкүлү жолугушуунун жүрүшүндө ар кандай социалдык маселелер боюнча шайлоочулардын кайрылууларын кабыл алып, ар бир көйгөй боюнча иш алып барарын убада кылды.