Печать
Категория: Коом
Просмотров: 158

Жумуш менен камсыз болгон майыптуулугу бар адамдардын саны 2,3 миңге жеткенин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова "Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды инклюзивдүү жумушка орноштуруу" форумунда билдирди.

Иш-чара майыптуулугу бар адамдардын Эл аралык күнүнө карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте уюштурулуп, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана жеке компаниялардын көңүлүн майыптыгы бар адамдардын эмгекке жана иш менен камсыз болуу укугун ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасына буруу максатында уюштурулган.

Форумга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал, иш берүүчүлөр, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Эдил Байсалов өзгөчө муктаждыгы бар адамдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу — бул коомдун жетилгендигинин көрсөткүчү жана мамлекет алардын өлкө турмушуна толук кандуу катышуусуна шарт түзүшү керек деп баса белгиледи.

Министр Жылдыз Полотованын айтымында, Кыргызстанда 217 000ден ашуун майып адам бар, алардын 29 миңге жакыны экономикалык ишмердүүлүк менен алектене алышат.

«Президент Садыр Жапаровдун майыптуулугу бар жарандардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү саясатынын алкагында министрлик бул багытта активдүү иш алып барат. Жыл башынан бери майыптуулугу бар 500дөн ашык жаран жумушка орношуп, кесиптик окууга жөнөтүлдү. "Социалдык контракт" программасынын алкагында өз бизнесин ачкан майыптуулугу бар жарандардын саны 1,8 миңден ашты", - деди ал.

Эмгек министрлигинин башчысы белгилегендей, жумуш берүүчүлөр өзгөчө мамилени талап кылган адамдарды жумушка алууда көптөгөн тоскоолдуктарга туш болушат, анткени бул кошумча чыгымдарды, жумуш ордун оңдоону жана башка маселелерди талап кылат. Айтымында, ага карабай, бир катар мамлекеттик мекемелер жана жеке уюмдар бул багытта жакшы иштерди жасашууда.

 Форумдун алкагында майыптыгы бар адамдар үчүн бирдей шарт жана мүмкүнчүлүк түзүп берип, өз жамаатындагы ар бир адис үчүн, өздөрү иштеген жамааттын өнүгүшү үчүн, жоопкерчиликти алган бизнес өкүлдөрүн сыйлоо аземи болду.