Печать
Категория: Коом
Просмотров: 164

Бишкекте автобус жана маршруттук унааларга көзөмөл күчөтүлөөрүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Көзөмөл Ички иштер министрлигинин эки айлык иш мерчемин ишке ашыруу максатында күчөтүлүүдө.

Жакында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы башкы Жеңишбек Жоробеков, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү жана жалпы коомдук транспорттордун айдоочуларынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Анда соңку учурлардагы адам өлүмү менен коштолгон автобустардын, маршруттук унаалардын катышуусунда катталып жаткан жол кырсыктары каралып, алардын алдын алуу максатында айдоочулардын айдоо маданиятын жогорулатуу, каттам учурунда кардар талашып, каттуу айдаган, жол чырактарга баш ийбеген, уюлдук телефонго алаксыган, унаа башкаруу учурунда тамеки чеккен, жүргүнчүлөрдү туура эмес жерлерден салган же түшүргөн айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери автобус, маршрут өңдүү жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын катышуусунда 254 жол кырсыгы катталып, 450 жаран ар кандай жаракаттарды алган. Тилекке каршы 31 адам көз жумган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу бир топ пайызга азайганы менен бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй болуп калууда.

Ал эми ЖКККББ тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жана маршруттук унааларга карата жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 4 692 Укук бузуу протоколдору түзүлүп, 377 айдоочу кызматынан четтетилген.