Печать
Категория: Коом
Просмотров: 416

"Мыйзамдуу жана адилеттүү чечим кабыл алган судья Марат Сыдыковтун “өз эрки” менен кызматтан кетүү арызын президент Жапаров карабай, кабыл албай койгону туура кадам болуптур", - деп жазды саясатчы Равшан Жээнбеков соцтармактагы баракчасына.

"Соттордун, өзгөчө башка көз караштагы саясатчыларды, жарандык активисттерди жана журналисттерди актаган чечимдери көбөйгөндө жана ал чечимдер жогорку бийлик тарабынан куугунтукталбаганда кана СИСТЕМА жарала баштайт.

2000-жылы Феликс Куловту актаган судья Ашымбек уулу Нурланды бийлик бир аз кармап “өз эрки” менен деп кызматтан кетирген.

2013-жылы С.Жапаровду, К.Ташиевти жана Т.Мамытовту актаган эки судья - М.Сатыев менен К.Зулушевтер дагы тез арада кызматтарынан алынган.

Судья Марат Сыдыков кыйын маалда мыйзамдуу чечим кабыл алды. Эми президент мурдагы бийликтердей болуп “өз эрки” менен кетирбей койгону жакшы көрүнүш.

Кыргызстанда айыпталгандын 2 гана пайызы акталат. Алар дагы негизинен тааныш-билиш менен. Менин көз карашымда, сотто биздин коррупциялашкан жана көз каранды укуктук-соттук система менен жок дегенде 40-50% акталышы зарыл.

Соттор тараптан дагы, Президенттик жана башка укук коргоочу институттар тарабынан дагы мындай чечимдер көбөйсө СИСТЕМА жаралат, мамлекеттик институттар адилеттүү боло баштайт", - дейт Равшан Жээнбеков.

Эске салсак, Марат Сыдыковдун судьялык кызматын тапшыруу боюнча жазган арызы президент Садыр Жапаров тарабынан четке кагылган.