Кыргызстанда 2024-жылдын 26-30-ноябрында аймактарда 262 кеңештин биринчи уюштуруу сессиялары өттү. Анын 32и шаардык кеңештер, 230у айылдык кеңештер. Бул тууралуу БШК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды каттап, аларга жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрүн жана төш белгилерин тапшырды.
Мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине төрага, төраганын орун басарларын шайлоо жана жергиликтүү кеңештин ишинин уюштурулушу боюнча башка маселелер киргизилет.
Шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен шайланып, жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үчүн дайындалды. Кеңештердин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 жыл деп белгиленген.