Печать
Категория: Коом
Просмотров: 140

Германиялык компания Кыргызстанда бетон чыгаруучу завод курат. Буга тийиштүү меморандумга кол коюлду. 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Германияга болгон расмий сапарынын алкагында 2024-жылдын 26-ноябрында Улуттук инвестициялык агенттик менен германиялык «NISBAU Anlagentechnik GmbH» компаниясынын ортосунда Кыргызстанда бетон заводун куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул меморандумдун алкагында Кыргызстанда ири бетон заводун куруу пландалып жатат.

Долбоор жаңы жумуш орундарын түзүүгө, курулуш тармагынын туруктуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн экономикасына кошумча инвестиция тартууга мүмкүндүк берет.