Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Россиянын жараны болуп туруп Кыргызстанда жашап жаткан жарандар пенсиясын кантип алышаарын айтып берди. 

Ал бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда журналисттер менен жолугушууда айтты. 

Ага Россиянын Кыргызстанда жашаган пенсионер-жарандары россиялык төлөм карталарында болгон пенсияларын ала албай жатышканы тууралуу суроо берилди. 

"Бул чынында курч маселе. Пенсионерлер Россиядан Кыргызстанга каражатын которуудан кыйналган мигранттар сыяктуу эле ушундай көйгөйгө туш болушууда. Бул маселени чечүүдө эки жол бар.

Биринчи - Россиянын Соцфондунан каражатты Кыргызстандын Соцфондуна которуу. Мындай механизмди кантип ишке ашырса болот? Буга ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрдө эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо тууралуу Келишим жардамга келет, ага 2019-жылдын 20-декабрында кол коюлган. Бул мыйзамга ылайык, Россия Федерациясынын Кыргызстанда туруктуу жашаган, Россиядагы эмгек стажына ээ болгон жарандары Кыргызстандын Соцфондуна пенсиялык каттоого тура алышат. Ошентип, пенсия Россия фондунан КР Соцфондуна экспорттолот. А жарандар бул жактан ала беришет. "

Экинчи - бул санкцияга туш келбеген россиялык банктан пенсияны кыргыз банк өнөктөшүнө SWIFT-которуунун жардамы менен которуу. Бул жарандар үчүн бир топ татаал болот", - деди Вакунов.