Печать
Категория: Коом
Просмотров: 236

"Жакынкы аралыкта 1250 даана жаңы атайын техникалар жол тейлөөгө өткөрүлөт", - деди спикер Нурланбек Шакиев бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтымында, Жол фондунан 750 даана заманбап техникалар алынган.

«Жол фондунун колдоосу менен 2027-жылдан баштап бардык айыл ичиндеги жолдорду, анын ичинде жайыттарга баруучу жолдорду асфальттоо иштери жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, бул максаттарга бюджеттен эч кандай акча бөлүнбөйт жана жолду оңдоо иштери Жол фондунун эсебинен жүргүзүлөт», - деди ал.

Эске салсак, 2022-жылы КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдында Жол фонду түзүлгөн.