Печать
Категория: Коом
Просмотров: 201

Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. 

Демилгечилер - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Камила Талиева, Аманкан Кенжебаев, Аида Исатбек кызы.  

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутат Русланбек Жакышов мыйзам долбоорун иштеп чыгууда илимий чөйрөнүн кызматкерлеринин, манасчылардын пикирлеринин эске алынуусуна көңүл бурду. Депутат Балбак Түлөбаев Манасты иретке келтирүү, манасчылыкты даңазалоо максатындагы мыйзам долбоорун колдоого алды. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Манас үчилтигиндеги башка каармандардын ысымын спирттик ичимдиктерге колдонууга каршылыгын билдирип, өкмөттү идеологиялык багыттарга көңүл бурууга чакырды. Депутат Гүлшаркан Култаева  мыйзам долбоорунда каралган Манас эпосун ар тараптан үйрөтүү жагдайына кызыкты. Депутат Марат Мураталиев мамлекеттик сыйлыктардын катарына “Кыргыз Эл манасчысы” өзүнчө наамын киргизүү сунушун айтып, Талас облусундагы Манас ордо комплексинин жетекчисин дайындоо маселесин көтөрдү. Депутат Динара Ашимова мыйзам долбоорун колдоого алып, бул багытта көпчүлүктүн катышуусу менен парламенттик угуу өткөрүү сунушун берди. 

Ошондой эле жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору да каралып, биринчи окууда кабыл алынды.