Печать
Категория: Коом
Просмотров: 254

Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. 

Демилгечилер - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Камила Талиева, Аманкан Кенжебаев, Аида Исатбек кызы.  

Депутат Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоорундагы "манасчы КР Эмгек сиңирген артисти деген наамды ала алаарына" көңүл бурду. Ал "манасчы - артист эместигин, бул наамды ага берүү менен аны эстрада аткаруучусуна теңеп коюуга болоорун" белгиледи. 

Депутат Марат Мураталиев КР Эмгек сиңирген манасчысы деген өзүнчө наам киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле, ал эпостун каарманын Манас деп атабай, Манас-ата деп кайрылуу керектигин айтты. 

Депутат Султанбай Айжигитов Саякбай Каралаев менен Сагынбай Орозбаковдун айтымындагы Манас эпостун классикалык жана негизги варианты болуп таанылаарын белгилеген беренеге токтолду. 

"Өзүңүздөр эл биригиши керек деп айтып жатасыздар, бирок эпостун бир вариантына классикалык түр берип, башкасын четтетүү менен сиздер кыргызды бөлүп жатпайсыңарбы. Эпос - бул элдик чыгармачылык, анын бул варианты сапаттуу, а тиги варианты сапатсыз деп айтууга болбойт. Ушинтип биз элди бөлүнүүгө түртүп атпайлыбы. Эмнеге Сагынбай Каралаевдин варианты классикалык дагы, Жусуп Мамайдын варианты же башканыкы андай эмес? Бул норманы жокко чыгарыңыздар, анткени саясатташтырып жатасыздар, болгондо да эң ылдыйкы саясатташтыруу. Өзүңөр трайбализм үчүн шылтоо берип жатасыңар. Мен манасчы эмесмин, бирок саясатчы, мамлекеттик коопсуздук тармагында иштеген адам катары көз карашымды айтам. Бул пункту жокко чыгаргыла, бөлүнүүгө гана алып келет", - деди Айжигитов.