Бишкектин Биринчи май РИИБинин маалыматына караганда, сойкулукка ортомчулук кылууга шектелген аял 20-ноябрда кармалган.
18-ноябрда түшкө чейинки маалда милицияга Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде сойкукана иштеп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке Биринчи май РИИБинин тергөө-ыкчам тобу жана акимиаттын кызматкерлери барган. Интим-притон тууралуу маалымат тастыкталган. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн версиясына караганда, аял батирди ижарага алып, кыздарды чогулткан дагы, алар сексуалдык кызматынан тапкан акчанын жарымын алып турган.
Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси («Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү») менен катталган.
Биринчи май РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган С.Ш. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.