Печать
Категория: Коом
Просмотров: 164

Бүгүн, 19-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган комитет төрайымы Чолпон Султанбекова белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2024-жылдын 6-мартындагы чечимин аткаруунун алкагында даярдалган.

Тагыраагы, Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн «жана даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп тапты.

Андан тышкары, «Кыргыз Республикасынын маалымат алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда колдоого ээ болду. Аталган мыйзам долбоору «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун ишке ашырууга даярдалды. Тагыраагы, «Коммерциялык сыр жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Муну менен катар «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Мыйзам долбоору саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын социалдык кепилдиктерин сактоонун бирдиктүү ыкмасын ишке ашырууга багытталаган.