Печать
Категория: Коом
Просмотров: 289

Ош облусу боюнча саат 12:00гө карата 52 миң 967 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Учурда облуста жалпы 492 шайлоо участоктогу иштеп жатат. Жалпы шайлоочулардын саны 792 миң 270 жаранды түзөт.

Ош облусу боюнча 58 айылдык жана 3 шаардык кеңеште шайлоо өтүүдө. Жалпы 1541 мандатка талапкерлер ат салышууда.

Облустун аймагындагы шайлоо тилкелеринде жалпы 1200дөн ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыз кылууда.