Печать
Категория: Коом
Просмотров: 447

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков Акылбек Жапаровго: "Сиздин презентацияңыздан кийин биз менин коштошуп жатканыңыздай сезим калды", - деди. 

Ага жооп иретинде МинКаб төрагасы мындай деди: 

"Айтуудан уялып турам, бирок мени кетет деп күтпөй эле койгула. Кийинки жылы презентация мындан да жакшы болот. Отставка маселеси Кудайдын буйругунан, президенттин чечиминен. Мамлекет башчы канчага чейин ишеним артса, ошончо иштейбиз. Садыр Нургожоевич мен эң узак иштеген премьер болоорумду айтты. Ошондой болчудай эле болуп калды", - деди Акылбек Жапаров.