Печать
Категория: Коом
Просмотров: 435

Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолукту. Анда президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну да сунуштаган.

Жолугушууда мындан аркы кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланган.

Мамлекет башчысы фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы программаларды тездетип аяктоо жана экономика менен социалдык чөйрөдөгү кызматташтыктын жаңы этаптарын баштоо үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.