Печать
Категория: Коом
Просмотров: 348

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды. Анда биринчи айым Айгүл Жапарова мамлекеттик кызматтарга кимдир бирөөнү алып келүүгө аралашпай турганын билдирген. 

"Биринчи айым Айгүл Жапарованын атын жамынып ар кыл мамлекеттик кызматка коебуз деп акча талап кылган учурлар катталып жатканы тууралуу маалыматтар болууда.

Ушуга байланыштуу жарандарды мындай шылуундардын торуна түшүп калбагыла деп эскертебиз.

Айгүл Жапарова мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга, же жеке компаниялардагы кызматтарга дайындоо үчүн эч кимге тапшырма бербейт.

Эгерде ушундай маанидеги убадалар менен кайрылышса анда бул шылуундар деп билиңиздер", - деп жазды ал.