Печать
Категория: Коом
Просмотров: 314

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча айтты. 

"Кечээ чоң партиялардын биринин штабында тинтүү жүрдү. Үгүт иштерин жүргүзгөндөр добуш сатып алуу боюнча системаны уюштурушкан, аны агымга кошушкан", - деген Ташиев алар кимге, канча акча берүү боюнча тизме түзгөнүн белгиледи. 

"Мыйзам алкагында биз чара көрөбүз. Бүгүн партиянын 3-4 өкүлү камакка алынды", - деди. 

Айтымында, ушундай эле көрүнүш жекшембиде, шайлоо күнү да орун алышы ыктымал. Ошондуктан, бардык укук коргоо органдары участоктордо, көчөлөрдө жана штабдарда иштешет. Ушундай кылуу менен гана таза шайлоого жетүү мүмкүн экендигин УКМК төрагасы белгиледи.