Печать
Категория: Коом
Просмотров: 280

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту маалымдады.

Анда айтылгандай, соттун 2024-жылдын 11-ноябрындагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсү Б.Т.Б.нын өтүнүчү канааттандырылган.

Айыпталуучуга карата мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат алуу түрүнө өзгөртүлгөн.

Эске салсак, 26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган. Ал эми март айынын этегинде ал Баку шаарында кармалып, Кыргызстанга алып келинген.