УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Каракол шаарында жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 4640,07 чарчы метр мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Аны менен кошо жанаша жайгашкан 9970,90 чарчы метр жер тилкеси менен наркы 252 млн. 407 миң сом болгон мурдагы "Электр-техникалык заводдун" имараты мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.