Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча шектүү кармалды.
Мониторингдин жүрүшүндө Фейсбук социалдык тармагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеяларын жайылткан аккаунт табылган.
1980-жылы төрөлгөн М.Э. буга чейин да ушундай эле кылмыш менен соттолгон. Учурда милицияга алып келинди. А үйүнөн Калашников автоматынын 16 огу, 8 желим ок, «Хизб ут-Тахрир Кыргызстан» белгиси бар кагаздар жана экстремисттик китептер табылган.
Ошондой эле ага карата "Курал -жарактарды мыйзамсыз сактоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.