Акыры муз ордунан жылды... Акыйкатында эбак эле иретке келиши керек болчу. Бир аз кечигип болсо да, диний абал ирет келип жатышы кубандырбай койбойт. Мындай пикирин журналист Бакай Абдымалик билдирди.
«Анткени, "Оорууну жашырсаң, өлүм ашкере" демекчи, ар кандай күмөндүү диний агымдар, өздөрүн "Сууда сүзгөн" балыктай эркин сезип, улуттук коопсуздукка доо кетирет турган чекке келип жеткени ачуу чындык.
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров диний ишмерлер менен жолугушуп, "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жыйын өткөрдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен өлкөдөгү диний абалды жөнгө салуу, тартипке келтирүүгө аракет болуп жатканын айтты. Ошондой эле Садыр Жапаров, мамлекеттин динге аралашуусу боюнча сөз жоктугун белгилеп өттү.
Дин маселеси, өтө кылдат мамилени талап кылары белгилүү. Себеби: көтөрүлүп жаткан маселени өз кызыкчылыгына буруп алгысы келгендер четтен чыгат.
Ага далил катары мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча кеп таркагандан эле, айрым "Чала молдо дин бузарлар", "Кокуй даават тыйылат экен" дешип "Чачпагын ала чуркашкан".
Пайгамбарыбыз Мухаммед САВдын мезгилинен бери эле, даават, дин аалымдары тарабынан жүргүзүлүп келген.
Диндин "алипесин " үйрөнүп алып эле даават айтып, жаш балдардын психологиясына доо кетирип тозок менен коркутуу, бул чыныгы даватка жакындашып да койбойт.
Айрым радикал агымдар "Сакалы жок, намазы жоктордун баарын каапыр, аларды өлтүрүш керек" дегенден кайра тартпай экени да белгилүү.
Дагы башкалары "Эч жумуш кылбай эле баардык убактыңды ибадатка арнасаң , силерди чын дүйнөдө 72 сулуу, ак сарайлар, ченемсиз байлык күтүп турат" деп насаат айтып жүрөт...
Жалган маалыматтарга ишенип алып балдарын коркунучтуу оорулардан эмдөөдөн өткөрбөй, мектепке жибербей жаткан үй-бүлөлөр да бар.
Кыскасын айтканда, мыйзам долбоору диний чөйрөдөгү башаламандыктарды иретке келтирүүгө багытталган.
Баш мыйзамда светтик өлкө экенибиз, дин мамлекеттен бөлүнгөнү кашкайта жазылып турганы менен, дин мамлекеттик саясатка кийлигишип а түгүл айрым динчилдер Жогору Кеңешке чейин жетип калганы турмуш чындыгы.
Андыктан, дин жаатын иретке келтирип, бир эрежеге баш ийдирүү мезгилдин талабы. Алыс барбай эле кошуна өлкөлөрдөгү динге байланышкан тартип, эрежелерге бир көз салып көрсөңүз, Кыргызстандагы дин тутуу эркиндигине Кудайга шүгүр келтиресиз.
"Ток этер жерин" айтканда, "Жабыла айтып жакканын кыл" демекчи, аталган мыйзам долбоорун даярдоого диний ишмерлердин, дин аалымдарынын, мурдагы муфтийлердин катышуусунда ишке ашып жатканы эң туура кадам болду», - деп белгилеген ал.