Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлерине ИИМдин буйругуна ылайык, кышкы кийимге өтүү боюнча саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саптык кароону ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков өткөрүп, өздүк курамдын кышкы кийимге өтүүсүнө байланыштуу, кызматкерлердин кызматтык формаларынын саптык уставка ылайыктуулугу, сырткы келбети, кызматка керектүү жанында алып жүрүүчү каражаттарынын толук болуусуна көңүл бурулду.
Ошондой эле өздүк курам арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти бекем сактоо менен жарандар менен болгон мамиледе сылык жана кичипейил болуу эскертилип, ИИМдин тийиштүү буйрук жана нускамалары жеткирилди.