Бишкек шаарындагы министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери 5-6-ноябрда аралыктан иштешет.
Мындай эреже министрлик, башкармалык жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тиешелүү эмес. Бул маалыматты Министрлер кабинети тастыктады.
Мындай чечим Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга боло турган иш сапары менен байланыштуу.
Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда. Ошондой эле Эрдоган 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.