Печать
Категория: Коом
Просмотров: 293

Жумгалда мал кайтарып кетип дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштери бүгүн 07:45те башталды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен ӨКМден жана ИИМден 81 кызматкер, жергиликтүү жарандар менен жалпы 114 адам жана 6 дрон тартылды. Издөө иштери жеринде министрдин орун басары Урмат Шамыркановдун жетекчилигинде жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.