Печать
Категория: Коом
Просмотров: 206

Айбашев Алмазбек Өскөнович Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.

Бүгүн, 28-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов аны эмгек жамаатка тааныштырды.

Буга чейин Айбашев Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.

Ошондой эле Молдалиев Бейшенбек Асанбекович Аламүдүн РИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары болуп дайындалды.