Печать
Категория: Коом
Просмотров: 454

"Кыязы, ТezJet  авиакомпаниясы да  тагдырдын "Тайгак кечүү, тар жолдорун" башынан кечирүү алдында турган шекилдүү.

Көп жылдан бери, өз ишинин устаты болуп калган компаниянын "канатын кыркып" асмандан жерге "кулатып"  салуунун кандай зарылчылыгы бар болду экен?

Кудай анын бетин ары кылсын, бирок "TezJet  учактары  бузулду же катастрофа болду" дегенди эзели уккан эмеспиз.

Инфляция болгонуна  карабай, мамлекетке жардам берип эл үчүн арзан билеттерди камсыз кылып турганы, өзүнчө сөз кылууга арзыйт. 

Катардагы бир блогердин күдүк ойлорду жараткан, чуулгандуу видеосу, компаниянын "канаттарын кайрып", кыргыз авиациясын "аксатып" коюууга кудурети бар беле?

"Ток этер жерин" айтканда, кайсыл жерде атаандаштык болсо, ошол жерде баалар төмөндөп, тейлөө сапаты жакшырат. 

Кыргыз авиациясын бир чеңгелге салып берүү, болочокто кейиштүү жагдайларга алып барышы, толук ыктымал", - дейт ал.